Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: «Талибан» өлкөнү башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүнү пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 640 | 0

Ооганстанда «Талибан» кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) жетекчилиги өлкөнү башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу жеке булактарына таянып, Foreign Policy журналы жазды.

Ал кеңеште үч таасирдүү адамдын катарында «Талибандын» саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар, кыймылды негиздеген молдо Омардын уулу, согуш иштери боюнча комиссиянын башчысы Моулави Якуб жана талаа командири, «Хаккани» тобунун башчысы Сиражуддин Хаккани болушу ыктымал.

Басылма жазгандай, талибдер президенттик кызматты калыбына келтирүүнү же жалгыз бир лидердин болушун каалабайт.

Ошол эле учурда алар мурдагы өкмөттө иштеген министрлерге кызмат бериши ыктымал. Талибдер муну жаңы өкмөт ар тараптуу болгонун көрсөткүсү келип, эл аралык коомчулуктун аларды таанышын каалайт.

Эскерте кетсек, 15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөрүп, өлкөнүн дээрлик бардык аймагына өз үстөмдүгүн орнотту. Алар Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM