Биз менен байланышыңыз

Бүгүн-эртең кыргыз-казак өнөрпоздорунун «Сармерден» өнөр таймашы өтөт

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 743 | 0

24-25-августта кыргыз-казак өнөрпоздорунун «Сармерден» өнөр таймашы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында боло турган «Сармердендин» алгачкы күнү — 24-августта кыргыз кыздары менен казак жигиттери бет келсе, 25-августта казак кыздары менен кыргыз жигиттери таймашат. Өнөр таймаш саат 18:00дө башталат.

Иш-чара Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Коомдук телерадио корпорациясы тарабынан уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM