24-25-августта кыргыз-казак өнөрпоздорунун «Сармерден» өнөр таймашы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында боло турган «Сармердендин» алгачкы күнү — 24-августта кыргыз кыздары менен казак жигиттери бет келсе, 25-августта казак кыздары менен кыргыз жигиттери таймашат. Өнөр таймаш саат 18:00дө башталат.
Иш-чара Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Коомдук телерадио корпорациясы тарабынан уюштурулган.