Биз менен байланышыңыз

«Шамбала» тасмасы Москвадагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 232 | 0

«Шамбала» тасмасы Москвадагы «Будем жить» кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Аталган тасма 27-августтан 3-сентябрга чейин өтө турган кинофестивалдын негизги сынактык бөлүгүнө тандалып алынган.

«Шамбала» тасмасы 29-август саат 20:00дө Москва Кино үйүнүн чоң залында көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Буга чейин эл аралык фестивалдарда бир нече сыйлыктарды алган.

«Шамбала» тасмасы Испаниядагы кинофестивалда сыйлык алды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM