Connect with us

Таласта өткөн айтыштын баш байгесин Амантай Кутманалиев алды

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 707 | 0

Талас облусунда өткөн Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына жана Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтыш жыйынтыкталды.

22-23-августта өткөн айтыштын биринчи күнүндө 16 акын катышып, кийинки баскычка сегиз акын иргелип алынды: Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Кадырбек Бейшенов, Жылдызбек Төрөканов, Нурайым Бактияр кызы, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Шайлообек Отунчуев.

Бүгүн, 23-августта өткөн айтыштын жыйынтыгы менен Амантай Кутманалиев баш байге — 200 миң сом, Азамат Болгонбаев биринчи орун 150 миң сом, Асылбек Маратов экинчи орун — 100 миң сом жана Жылдызбек Төрөканов үчүнчү орун — 50 миң сом алды.

Экинчи баскыска өткөн калган төрт акынга 35 миң сомдон, ал эми калган сегиз төкмөгө 20 миң сомдон кызыктыруучу байге берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM