Талас облусунда өткөн Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына жана Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтыш жыйынтыкталды.
22-23-августта өткөн айтыштын биринчи күнүндө 16 акын катышып, кийинки баскычка сегиз акын иргелип алынды: Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Кадырбек Бейшенов, Жылдызбек Төрөканов, Нурайым Бактияр кызы, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Шайлообек Отунчуев.
Бүгүн, 23-августта өткөн айтыштын жыйынтыгы менен Амантай Кутманалиев баш байге — 200 миң сом, Азамат Болгонбаев биринчи орун 150 миң сом, Асылбек Маратов экинчи орун — 100 миң сом жана Жылдызбек Төрөканов үчүнчү орун — 50 миң сом алды.
Экинчи баскыска өткөн калган төрт акынга 35 миң сомдон, ал эми калган сегиз төкмөгө 20 миң сомдон кызыктыруучу байге берилди.