Биз менен байланышыңыз

ТИМ: 1,5 айдан ашык убакытта 7,5 миң пакистандык жаранга виза берилди

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 263 | 0

Июль айынан бери пакистандык жарандарга 7,5 миң виза берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик белгилегендей, июль айынын ортолорунан тарта Кыргызстанга келүү үчүн виза алууга кайрылган пакистандыктардын саны көбөйгөн. Алардын басымдуу бөлүгү арыздарын «Электрондук виза» порталы аркылуу калтырган.

Негизинен Пакистандын жарандарына бир жолку 30 күндүк туристтик виза берилүүдө.

«Электрондук виза» порталы аркылуу түшкөн кайрылуулардын баары улуттук коопсуздук органдары менен макулдашылып берилет. Июль-август айларында «Электрондук виза» системасы аркылуу 7,5 миң туристтик виза берилген. ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын маалыматы боюнча, июль-август айларында Пакистан жарандары тарабынан Кыргызстандын аймагында мыйзам бузганы катталган эмес», — деп билдирет министрлик.

Министрлик билдиргендей, Пакистандын 220 жараны жеңилдетилген тартип боюнча виза алган. Мындай жол менен виза Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Бруней, Оман, Бахрейн жана Сауд Арабиясында жашоого уруксат берген документи бар пакистандык жарандарга гана берилет.

Социалдык тармактарда «пакистандык жарандар башка өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн Кыргызстанга келүүдө» деген маалымат чыгып жаткандыктан министрликке Пакистандын элчисинин орун басары Тарик Али чакырылган.

«Пакистандык дипломат пакистандык жарандардын көбү иштөө үчүн Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабияга чыгып жатканын ырастады. Ал Пакистан менен аталган өлкөлөрдүн ортосунда түз аба каттам болбой жатканына байланыштуу болууда. Кыргызстандан тышкары алар Өзбекстан аркылуу да учуп жатканын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Тарик Али Пакистанда коронавирус менен ооругандар азайып жаткандыктан Бириккен Араб Эмираттары узак мөөнөттүү визасы бар пакистандыктар үчүн чек араны ачканын, жакын арада Сауд Арабия да чек араны ачарын айтып, Кыргызстанга каттаган пакистандыктардын саны азаярын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM