Биз менен байланышыңыз

Эртең президент Олимпиадада байге уткан спортчуларга сыйлык тапшырат

Кыска кабар , Спорт | 22 Авг 2021 | 479 | 0

Эртең, 23-августта президент Садыр Жапаров Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарында байге уткан жана оюндарга катышкан кыргызстандык спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык тармактар аркылуу көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 09:55те башталат.

Copyright © 2017 Maral FM