Биз менен байланышыңыз

ЖККУ лидерлери Ооганстандагы кырдаалды онлайн талкуулайт

Кыска кабар | 22 Авг 2021 | 472 | 0

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары 23-августта Ооганстандагы кырдаал боюнча видеоконференция өткөрөт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Каысм-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда билдирди.

«Коопсуздук маселеси – учурдагы маанилүү маселелердин бири болууда, айрыкча Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу. Биз биринчи күнү ЖККУ алкагында видеоконференцияга чогулабыз деген үмүттөмүн», — деген ал.

Ошондой эле, Путин сентябрь айынын ортосунда мурда пландалгандай ЖККУ жана ШКУ алкагында жолугушуулар болорун белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM