Биз менен байланышыңыз

Жаш балбан Акыйкат Кулжигит уулу Дүйнө чемпионатында коло байге утту (видео)

Кыска кабар , Спорт | 22 Авг 2021 | 851 | 0

Кыргызстандык балбан Акыйкат Кулжигит уулу (55 кг) грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында коло байге утту .

Кыргызстандык балбан күрөштү 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында өзбекстандык Алимардон Абдуллаевге 5:1 эсебинде жеңилген. Бирок ал финалга өтө алгандыктан, Акыйкат Кулжигит уулу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Көңүл жубатуучу кармашта ал румыниялык Денис Флорин Михайны 9:0 эсебинде уткан.

Коло байге үчүн күрөштө ал тажикстандык Асламжон Азизов менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтүүдө. 16-августта башталган чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM