Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик органдар ишкерлерге 17 жолу мыйзамсыз кайталанма текшерүү жүргүзүштү

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 441 | 0

Кыргызстандын мамлекеттик органдары ишкерлерге 17 жолу негизсиз түрдөгү кайталанма текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик органдар бизнес өкүлдөрүнө карата 17 жолу кайталанып жүргүзүлгөн текшерүүлөр алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизип, бул компаниялардын өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдуктарды жаратып келген.

Тактап айтканда, мурдагы М.В.Фрунзе атындагы заводдо жайгашкан жеке ишкана жана мекемелердин жетекчилери Башкы прокуратурага мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан негизсиз түрдөгү кайталанма текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуулары боюнча көзөмөл органы текшерүү жүргүзгөн.

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин мындай текшерүүлөр токтотулуп, Экономика жана финансы министрлигине мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу прокурордук чара көрүү актысы киргизилген.

Өз кезегинде, мурдагы М.В.Фрунзе атындагы заводдун өнөр-жай зонасындагы 15 жеке мекеме-ишканалардын жетекчилери, мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөргө тыюу салуу маселесин тез арада чечкендиги үчүн Башкы прокуратурага ыраазычылык сөздөрүн билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM