Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №17 жаңы автобус каттай баштады (жол каттамы)

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 262 | 0

Бишкекте №17 жаңы автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган автобустар “Красный строитель” конушу — Кызыл -Аскер (айланма жол) багыты боюнча жүргүнчү ташыйт.

Бул каттамда 15 автобус иштейт.

Мэриядан белгилешкендей, жаңы каттам шаар тургундарынын өтүнүчү менен ачылды.

Жол кыймылы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жетекчилиги тарабынан «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы менен биргеликте иштелип чыккан. Сегиз автобус бир күн мурун тест режиминде линияга кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM