Биз менен байланышыңыз

Жаш балбан Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында күмүш байге утту

Кыска кабар , Спорт | 19 Авг 2021 | 1585 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы (55 кг) жаштар арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байге утту.

Бүгүн, 19-августта финалдык беттеште ал Беларусь балбаны Алеся Гетманава менен күрөшүп, 6:7 эсебинде жеңилип калды.

Белгилей кетсек, Калмира Билимбек кызы 1/8 финалда Монголиянын балбан кызы Мунхгерел Мунхбатты 6:4, ал эми чейрек финалда АКШдан келген балбан кыз Пэйтон Жен Струдду 10:0 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда ал орусиялык Анастасия Яндушкина менен күрөшүп, кармаштын биринчи бөлүгүндө эле атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтүүдө. 16-августта башталган чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM