Connect with us

Салык кызматы жаңы Салык кодексинин долбоору жөнүндө түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 240 | 0

Салык кызматы даярдалып жаткан жаңы Салык кодексинин долбоорунда каралган салык органдары менен банктардын өз ара иштешүү тартиби жөнүндө ММКдагы маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.

Салык кызматы билдиргендей, учурда ал боюнча эксперттик топ иштеп, документ аягына чыгарыла элек. Мындан улам азыр ал тууралуу маалымат таратуу туура эмес. Коомдук талкууга алымча-кошумчасы бар документ чыгарылат.

Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдап жаткан эксперттик топко мамлекеттик органдардан тышкары, көз карандысыз эксперттер, банк тармагынын өкүлдөрү киргизилген.

Салык кызматы белгилегендей, учурдагы салык мыйзамында салык органдары менен банк мекемелеринин маалымат алмашуу аркылуу иштешүү тартиби каралган. Жаңы редакциядагы документте ал процессти жакшыртуу гана каралып жатат.

«Салык кызматы органдарырын салык төлөөчү тууралуу алган маалыматтар салык сыры болуп саналат жана мыйзам менен корголот», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан банктарынын бирикмеси Салык кызматы жаңы кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, банктардын кардарлары тууралуу бардык маалыматты алгысы келип жатканын билдирген.

«Салык кызматы банк кардарлары тууралуу бардык маалыматты алгысы келүүдө»

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM