Биз менен байланышыңыз

«Салык кызматы банк кардарлары тууралуу бардык маалыматты алгысы келүүдө»

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 730 | 0

Салык кызматы банк кардарлары тууралуу бардык маалыматты алгысы келүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан банктарынын бирикмеси билдирди.

Аталган бирикме Салык кызматы Салык кодексине сунуштап жаткан айрым өзгөртүүлөрдү мисал келтирет:

— Салык кызматы менен иштешүүдө банктар салык төлөөчүнүн эсеп, аманат (депозит) ачканы же жапканы, эсеп, аманаттын (депозит) реквизиттери алмашканы тууралуу маалыматты үч күн ичинде бериши керек;

— Салык органынын кайрылуусу боюнча кардардын эсебине жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты, банкта эсеби, депозити бар же жоктугу, эсепте, депозиттеги акчасынын калдыгы  ж.б. тууралуу маалымкат бериши зарыл;

— Улуттук банк өзү ээ болгон жарандардын жеке маалыматтары, банк сыры камтылган документ, маалыматтарды салык кызмат органдарына берип турат. Салык кызматына бериле турган документтер менен маалыматтардын тизмеси, аларды тапшыруу тартиби Улуттук банк жана ыйгарым укуктуу салык органынын ортосундагы макулдашуу менен белгиленет.

Кыргызстан банктарынын бирикмесине өлкөдөгү 30га жакын банк жана уюм кирет.

Copyright © 2017 Maral FM