Биз менен байланышыңыз

Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех убактылуу өлкө башчысы экенин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1290 | 0

Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салех убактылуу өлкө башчысы экенин билдирди. Бул тууралуу ал өлкөнүн Башмыйзамына таянып, 17-августта Twitterˈге жазды.

«Ооганстандын Конституциясына ылайык, президент жок болгондо, кызматтан кеткенде же каза болгондо вице-президент убактылуу президент болуп калат. Учурда мен өз өлкөмдө болуп, мыйзамдуу президентмин», — деген ал.

Ошондой эле ал башка мамлекеттердин президенттери менен байланышып жатканын айтып, элди «Талибан» кыймылына (Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм) каршы турууга чакырган.

Бүгүн, 18-августта Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мохаммад Захир Агбар да учурда өлкөнүн мыйзамдуу президенти Амрулла Салех экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 15-августта талибдер Кабулду ээлеген күнү өлкө башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Учурда ал кайсы мамлекетте экени боюнча такталган маалымат жок.

15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Талибдер Ооганстандын бардык аймагын ээлеп алган. Алар «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM