Биз менен байланышыңыз

Ооганстандан дагы 15 кыргызстандык чыгарылды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 351 | 0

Бүгүн, 18-августта Ооганстандан дагы 15 кыргызстандык чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын жарандарын Кабулдан чыгаруу иштерине Казакстан көмөк көрсөткөн.

Ага байланыштуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-августта Ооганстандан 9 кыргызстандык мекенине жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM