Connect with us

Америка университетинин мурдагы президенти Кыргызстандан депортацияланды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1101 | 0

Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан депортацияланды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарынын маалыматына таянып жазды.

Алардын айтуусу боюнча экс-ректор 17-августта таңкы саат 6:00дө Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда өлкөдөн чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти Эндрю Качинсти айыптоо жана Кыргызстандан депортациялоо чечимин чыгарган.

Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти акталды

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM