Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан депортацияланды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарынын маалыматына таянып жазды.
Алардын айтуусу боюнча экс-ректор 17-августта таңкы саат 6:00дө Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда өлкөдөн чыгып кеткен.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти Эндрю Качинсти айыптоо жана Кыргызстандан депортациялоо чечимин чыгарган.
Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти акталды