Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти акталды

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 740 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы президенти Эндрю Качинске өкүм чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Качинс ага тагылган Жазык кодексинин 270-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн аларга атайын эрежелер белгиленген предметтердин контрабандасы) жана 268-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча акталды. Анын аракеттеринде жогорудагы кылмыштардын белгилери жок деп табылды.

Бирок Качинс Жоруктар жөнүндө кодексинин 123-беренеси (Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо) менен күнөөлүү деп табылып, 60 миң сом айыпка жыгылды.

Өкүм күчүнө киргенден Качинс Кыргызстандан АКШга депортацияланышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM