Бишкек шаарынын мэрлигине калаа башчысынын милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган.
Мэр шайлоо 26-августта өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Жунушалиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп 12-августта дайындалган. Ага чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп келген.