Марал Радиосу

Бишкек шаарынын мэрлигине Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Бишкек шаарынын мэрлигине калаа башчысынын милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган.

Мэр шайлоо 26-августта өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жунушалиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп 12-августта дайындалган. Ага чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп келген.

Exit mobile version