Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Талибдер мамлекеттик кызматкерлерге мунапыс бергенин жар салды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 1109 | 0

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы мамлекеттик кызматкерлерге мунапыс бергенин жар салды.

Талибдер аткаминерлерди жумуш ордуларына келип, эч чочулабастан ишин улантууга чакырды.

«Баары үчүн мунапыс жарыяланды, ошондуктан мурдагы жашоого эч коркпостон кайтып келүүгө болот», — деп айтылат «Талибандын» билдирүүсүндө.

15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Учурда талибдер Ооганстандын бардык аймагын көзөмөлдөп жатат. Алар Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM