Биз менен байланышыңыз

Президент Ооганстандагы кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү тапшырмасын берди

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 1709 | 0

Садыр Жапаров Ооганстанда түзүлгөн кырдаалга тыкыр көз салып турганын Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Алардын айтымында, өлкө башчы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын маалыматтарды алууда. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга Ооганстандагы кырдаалга ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү тапшырган. Мындан тышкары чектеш өлкөлөр менен биргеликте аймактагы коопсуздукту бекемдөө иштерин күчтөндүрүү, бул багыттагы иштерди тыгыз уюштуруу тапшырмасы берилди.

Ал эми Тышкы иштер министрлигине Ооганстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта болууну, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүнү жана өз Мекенине тез арада көчүрүп келүүнү буйруду.

Copyright © 2017 Maral FM