Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кыргызстан 500гө жакын ооганстандык студентке виза берүүгө даяр

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 1344 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ооганстандагы кырдаал боюнча жасаган билдирүүсүндө Кыргызстан ооган элине жаштарын окуу жайларга кабыл алуу аркылуу жардам көрсөтө аларын маалымдады.

УКМК Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалга байкоо салып турганын билдирген. Учурда ооган элинин башына оор сыноолор түшкөнүн белгилеп, өлкөсүнө жоопкерчилик алган адамдар элдин кызыкчылыгы үчүн маселени сүйлөшүү жолу менен чечерине үмүт артарын кошумчалаган.

«Кыргызстанды ооган жаштарынын, айрыкча кыздарынын тагдыры ойлондурат. Себеби алар кыргыз жаштарындай эле заманбап билим алып, бир кесипти окуп, жаңы технологияларды үйрөнүүгө жана өз өлкөсүнө пайда алып келүүгө умтулушат. Куралдуу саясий тиреш болуп, экономика токтоп, миңдеген үй-бүлө туулган жерин таштоого макжбур болуп жаткан жерде сапаттуу билим алууга мүмкүн болбогондугун жакшы түшүнөбүз. Мындан улам таланттуу ооган студенттерине Кыргызстандын окуу жайларында билим алуусу үчүн студенттик виза берип, колдоо көрсөтүүнү өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз. Биздин университеттер аймакта эң эркин болуп, анда көп улуттун өкүлдөрү билим алат. Кыргызстандын окуу жайларында билим алып жаткан ооганстандык студенттерге виза берүүнү уланта беребиз. Ошондой эле Кыргызстанда окууну каалаган 500гө жакын студентти кабыл алууга даярбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда Кыргызстанга келүү, жашаган жерин табуу, университетти тандоо, окуу жайдын акысын төлөө сыяктуу маселелерди студент өзү чечиши керек болот. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен окуу жайлары ооган студенттерине кеңеш берүү, кесип тандоого жардам берүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт.

«Ооган бийлигин Кыргызстанда билим алууну каалаган студенттерине биздин меймандос өлкөбүзгө келүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз. Ооган студенттеринин Кыргызстандагы университеттеринде билим алышы эки элдин ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине жардам берет деген ишеничтебиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Жанар Акаев да Кыргызстан ооганстандык жаштарга билим алуусун улантуу үчүн студенттик виза бериши керектигин айтып чыккан.

Учурда «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алды. Өлкө президенти Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кетти. Талибдер Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Copyright © 2017 Maral FM