Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: «Талибан» Кабулду ээледи, президент өлкөдөн чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 827 | 0

Ооганстанда «Талибан» кыймылы бүтүн өлкөнү ээлеп, өз көзөмөлүнө алды. Кыймыл 15-августта өлкөнүн борбору Кабулга кирип келди.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. Ал мунун себебин «кан төгүлүшүн каалабаганы» менен түшүндүрдү.

Ал арада башка мамлекеттер жарандарын Ооганстандан чыгарып кетүү аракеттерин көрүүдө. Айрым өлкөлөр элчиликтерин Кабулдагы аэропортко көчүрүп барышты.

Учурда борбор калаадагы аэропортто коммерциялык учактар токтогон. Чет өлкөлөр жарандарын аскер менен, чартердик учак менен алып чыгууга аракет кылууда.

Ал эми талибдер башка өлкөлөр менен тынчтыкта жашоону каалаганын, чет элден келген жарандарга тийбей турганын билдирди. Кыймыл чет элдик жарандар өлкөдөн кетүүнү кааласа, аларга тоскоолдук болбой турганын, ал эми Ооганстанда калууну каалагандар кыймылдан каттоодон өтүшү керектигин белгилеген.

«Талибан» кыймылы Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо. Азырынча дүйнө мамлекеттери «Талибан» кыймылынын бийлигин тааный турганын билдире элек.

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу бүгүн, 16-августта БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM