Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр»: АКШ элчилигинин алдында «Центерранын» доосу боюнча митинг өтөт

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 990 | 0

Бүгүн, 16-августта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында «Центерра Голд» компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп таануу тууралуу Нью-Йорк сотуна берген доо арызы боюнча митинг өтөт. Бул тууралуу «Тянь-Шанды сактайлы» коомдук фонду билдирди.

Митингге чыккандар Нью-Йорк сотунан калыс чечимди талап кылышат. Тынч жүрүш саат 10:00дө башталат.

«Жүрүшкө чыгышыбыздын себеби «Центтерра» акыркы 20 жылдан бери «Кумтөрдү» иштетип келет. Бирок 20 жылдын ичинде бир топ мыйзам бузуулар болуп, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүбүз талкаланып, экологиялык катастрофа болуп жатат. Бирок «Центтерра» Кыргызстанды эл аралык сотко берген. Ал сот калыс өтөт деген ишеничтебиз. Себеби «Центтерранын» мыйзам бузууларын, экологияга тийгизген таасирин бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө жүзү билип отурат», — дейт уюштуруучулар.

Уюштуруучулар бардык кайдыгер эмес жарандарды бул акцияга катышууга чакырат.

Митинг эртең, 17-августта да өтөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM