Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору 237 кишиден табылып, 5 адам каза болду

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 482 | 0

Бүгүн, 16-августка карата Кыргызстанда коронавирус 237 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус менен Бишкек шаарында — 120, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 37, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 18 адам катталган.

Ошол эле учурда 469 бейтап коронавирустан айыгып чыкты.

Бир күн ичинде коронавирустан 5 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 101 адам, ал эми амбулатордук түрдө 3 миң 112 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 172 миң 327 учур катталды. Анын ичинен 163 миң 249 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 451 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM