Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Унаа» мекемесинен коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 13 Авг 2021 | 652 | 0

УКМК тарабынан 2015-жылдан бери Кыргызстанга ташууга тыюу салынган оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруунун туруктуу каналына бөгөт коюлду.

жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Ак-Тилек» жол көзөмөлдөө пунктунун кире беришинде 15 жеңил унаа менен 2 оор жүк ташуучу унаалар токтотулган, текшерилгенде булар үчүн транспорт каражаттарынын каттоо (кайра каттоо) күбөлүктөрү, ушул жылы эки айдын ичинде тагырагы (июнь-июль) айларында Чүй облусундагы «Унаанын» бөлүмдөрү тарабынан мурунтан эле берилген.

Ошол эле учурда, алардын кээ бирлеринин кузовторунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөргө дал келген эмес.

Учурда бул ишке тийешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти дагы (ТКАКД), аныкталган коррупциялык схемага аралашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM