Биз менен байланышыңыз

Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти

Кыска кабар | 12 Авг 2021 | 1034 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Мындай маалыматты анын кеңешчиси Азамат Абсатаров “Маралга” тастыктады.

“Кызматтан кетүү өз чечими болду. Бул жерде эч кандай саясат жок”,  — деди Абсатаров.

Эске салсак, Таалайбек Сарыбашов аталган кызматка 2-августта дайындалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM