Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тажикстан тараптан атылган ок оорукананын айнегин сындырып кеткен (сүрөтү)

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 1996 | 0

Бүгүн, 11-августта Тажикстан тараптан (бир ирет) ок атылып Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылындагы аймактык оорукананын айнегин сындырды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматы белгилегендей, октун үнү болжол менен саат 15:10дө жаңырган. Оорукананын ичинен 5,45 мм калибриндеги АК-74 (Калашников) мылтыгынын огу табылган.

Окуядан каза болгондор жана жаракат алгандар жок.

Учурда тиешелүү органдар тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.

Окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап Интернационал айылы менен чектешкен жерде жайгашкан аскерлеринин куралдарын текшерерин айткан.

Саат 17:00дө эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугуп, тажик тарап алардын чек арачылары курал колдонбогонун билдирген. Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара өкүлү ок кокустан атылган болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өз алдынча иликтөө жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алган.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

 

Copyright © 2017 Maral FM