Биз менен байланышыңыз

8 өлкөнүн элчиси Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырды

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 696 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11 -августта чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Вьетнамдын элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань, Египеттин элчиси Маналь Аль Сайед Яхья Аль Шиннави, Шри-Ланканын элчиси Мохан Вижевикрама, Бразилиянын элчиси Рубем Антонио Корреа Барбоза, Австриянын элчиси Вилли Кемпель, Исландиянын элчиси Аурни Тор Сигурдссон Камбоджанын элчиси Ким Хенг Меас жана Уганданын элчиси Мухаммад Тезикуба Кисамбира тапшырды.

Дипломаттарды Ардак кароол тосуп алган соң салтанаттуу азем башталды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө элчилерди дайындалышы менен куттуктап, алардын жигердүү жана максаттуу алып бара турган иштери Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди дагы да бекемдейт деген ишенимин айтты.

Ал бүгүнкү азем маанилүү окуянын босогосунда — Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканын белгиледи.

Өлкө башчысы мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык-айкындыкка, тең салмакка жана тынчтыкты сүйүүгө негизделген тышкы саясатынын негизги принциптерине да токтолду.

Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, демократиялык принциптерди бекемдөө, көз карандысыз сот системасын калыптандыруу, социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана элдин жашоосун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде элчилер өлкөлөр ортосундагы достук алакаларды жана көп кырдуу кызматташууну чыңдоодо жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM