Биз менен байланышыңыз

Варламов: Башка өлкөдөн талап кылгандай мамиле Орусиянын өзүндө жасалабы?

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 2252 | 0

Орусиялык блогер Илья Варламов акыркы кездеги Кыргызстанда орус тилдүү жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу айтылып жаткан сөздөр боюнча телеграм-каналына пикирин жазды. Ал нааразы болуп жаткан адамдар тез арада чара көрүүнү, орус калкын коргоону талап кылып жатканын белгилеп, ошол эле учурда «Орусиянын өзүндө жагдай кандай?» деген суроо салган.

«Мен улутчул адамдарды жактырбайм, кыргыз, казак, орус болбосун. Орустар кайсы жерде болсо да өзүн коопсуз сезип, орус тилинде сүйлөгөнү үчүн эч ким сөз айтпашын каалайм. Ошол эле учурда, биз орустарга Мекенинде жакшы мамиле кылуусун каалагандай эле кыргыз, өзбек, казактар Орусияда өзүн ыңгайлуу сезишин каалайм», — деп жазган ал.

Варламов Орто Азиядан келген адамга Орусияга келгенде, аэропорттон эле начар мамиле жасаларын белгилеген.

«Орто азиялыктар эле эмес, биздин орусиялык якут, бурят, калмактардан: «Иштериң кандай?» — деп сурап көргүлөчү. Аларга биздин Мекенибиздин борборунда канчалык сый мамиле кылышат? Батирди ижарага алуу оңой бекен? Полиция көзүнүн түсү башкача болгону үчүн эле текшере бербейт бекен?», — деген ал.

Белгилей кетсек, 5-август күнү Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде А. Алимбаев аттуу жаран ал жакта иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн калькулятор менен уруп жиберген. Ал үчүн Алимбаев УКМКдан эскертүү алган. Ошондой эле ага карата «бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон.

Ошондой эле июль айынын ортосунда Ысык-Көлдө дзюдо боюнча машыгуу учурунда 9 жашар орус баланы теңтуштары сабаганы белгилүү болгон. Ал окуя териштирүүгө алынып, кийинчерээк тараптар маселени сүйлөшүү жолу менен чечкен.

Бул окуялар боюнча Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы, айрым саясатчылар билдирүү жасап, чара көрүүнү талап кылышкан.

10-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Орусиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болду. Анда Казакбаев улутчулдук менен байланышкан айрым учурлар орус бийлиги тарабынан «Кыргызстандагы этникалык орустардын укугу дайыма бузулат жана улуту менен динине карап кысымга алынат» деп каралбашы керектигин белгилеген. Орусиядан орусиялык саясатчылардын «орунсуз» билдирүүлөрүнө көңүл бурууну өтүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM