Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө «Ак илбирс – тоолордун сакчысы» кинофестивалы өтөт

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 266 | 0

Ысык-Көлдө 27-августта «Ак илбирс – тоолордун сакчысы» кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Фестивалды Кыргызстандын ММА жана «Профешионал Файтинг» федерациясы уюштурууда.

Кинофестивалдын алкагында 15 мүнөткө жетпеген кыска метраждуу тасмалардын сынагы өтөт. Жеңүүчүгө 1 миң евро, экинчи орунга 750 евро жана үчүнчү орун үчүн 500 евро берилет.

Сынакка каалоочулардын баары катыша алат.

Тасманы 15-августка чейин почта аркылуу snowleomovie@gmail.com дареги боюнча аты-жөнүн, кайсы өлкөдөн экенин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүп жөнөтүү керек.

Сынакты өткөрүү жөнүндө жобо

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM