Биз менен байланышыңыз

Манасчылар: Азыркы тартылып жаткан «Семетей» тасмасы кыргыз элин жаманатты кылат

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 2633 | 0

Бүгүн, 10- августта манасчылар маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйында алар «Семетей» эпосунун негизинде тартылып жаткан «Так мураскери» тасмасынын сценарийин окуп чыгышканын, аны жазгандар салттуу варианттардан кыйла четтеп кетишкенин, ал тургай анда идеологиялык бурмалоолор, «Манас» эпосунун кадырын түшүрүп, кыргыз элин жаманатты кыла турган окуялар бар экенин айтышты.

Айрымдары бул тасманы такыр токтотууну талап кылышты.

Манасчы Замирбек Баялиевдин айтымында, сценарийде Манас баатырдын каза болушу өзүнүн пайдасын берип, миңдеген адамдардын канынын төгүлүшүнө чекит коюлду деген маани берилген.

— «Көбөш хан кытайдын өкүлүнө жолугуп, «Манасты жоготкон Коңурбайга ырахмат, ал менин аталаш бир тууганым болгону менен миңдеген адамдын канына забын болгон», — деп жатат. Бул акылга сыйбаган нерсе. Минтип бурмалоого, кошумчалоого эч кимдин акысы жок».

Ал эми манасчы Самат Көчөрбаев элге дем берип, шыктандыра турган окуялар: айталы, «Каныкейдин Тайторуну чапканы» сыяктуу эпизоддор сценарийге кирбей калганын, дегеле тасманын кульминациясы кайсыл жерде экени белгисиз болуп жатканын белгиледи.

Тасма Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» пьесасынын негизинде, өлкө башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылып жатканын продюссер Өмүрзак Төлөбеков буга чейин маалымдаган.

Ал тасмага каршы чыгып жаткандарга «Манас», «Семетей» – элдик чыгарма. Аны ыйык мифологияга эле байлай берген туура эмес» деген жообун берген.

Ал эми мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев буга чейин «тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат» деген маалыматты кескин четке кагып, сценарийдеги каталар боюнча да өз оюн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM