Биз менен байланышыңыз

Айтматов кино үйү даректүү жана көркөм тасмаларды акысыз көрсөтүп жатат

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 349 | 0

10-11-августта Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Эгемендиктин 30 жылдыгына карата кыргыз тасмалары акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

10-августта 2020-2021-жылдар аралыгында тартылган атактуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бейнесин чагылдырган алты даректүү тасма элге тартууланат. Ал эми 11-августта эгемендик алгандан кийинки жылдардагы элдин абалын таасын сүрөттөгөн эки көркөм тасма көрсөтүлөт.

10-августта саат 14:00дөн 15:30га чейин көрсөтүлө турган тасмалар:

  1. «Бексултан Жакиев»
  2. «Жусуп Абдрахманов»
  3. «Болотбек Шамшиев»
  4. «Алгачкы карлыгач»
  5. «Кадрлар баарын чечет»
  6. «Кыргыз анимациясына 40 жыл»

11-августта көрсөтүлө турган тасмалар:

11:00дөн тартып:

Эрнест Абдыжапаровдун «Айыл Өкмөтү» көркөм тасмасы

14:00дөн тартып:

Руслан Акундун «Көк бөрү» көркөм тасмасы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM