10-11-августта Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Эгемендиктин 30 жылдыгына карата кыргыз тасмалары акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.
10-августта 2020-2021-жылдар аралыгында тартылган атактуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бейнесин чагылдырган алты даректүү тасма элге тартууланат. Ал эми 11-августта эгемендик алгандан кийинки жылдардагы элдин абалын таасын сүрөттөгөн эки көркөм тасма көрсөтүлөт.
10-августта саат 14:00дөн 15:30га чейин көрсөтүлө турган тасмалар:
- «Бексултан Жакиев»
- «Жусуп Абдрахманов»
- «Болотбек Шамшиев»
- «Алгачкы карлыгач»
- «Кадрлар баарын чечет»
- «Кыргыз анимациясына 40 жыл»
11-августта көрсөтүлө турган тасмалар:
11:00дөн тартып:
Эрнест Абдыжапаровдун «Айыл Өкмөтү» көркөм тасмасы
14:00дөн тартып:
Руслан Акундун «Көк бөрү» көркөм тасмасы