Биз менен байланышыңыз

Вакцинанын муздаткычын уруксатсыз ачып, видеого тарткан аял боюнча түшүндүрмө берилди

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 387 | 0

Бишкек шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда вакциналар эрежеге ылайык сакталууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, белгисиз аял вакцина сакталып турган муздаткычтардын ичин тартып, алардын +17 градуста сакталып турганын айтканы социалдык тармактарга тараган.

Министрликтин маалыматына караганда, ал аял 7-августта Vero Cell (Синофарм) вакцинасынын биринчи дозасын алуу үчүн №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна келген. Эмдөөдөн кийинки 30 мүнөттүк байкоо учурунда медкызматкерлердин эскертүүсүнө баш ийбей, муздаткычтарды ачып, видеого тартып кирген.

Видеодо айтылган +17 градуста сакталып турат деген маалымат калп экенин, ал видеого тартып жаткан убакта муздаткычтын ички температурасы +1,7 градусту көрсөткөнүн, видеону жакшылап караган адамга ал жердеги термометрде +5 градуска чейин гана көрсөтүлүп турганын айтат аталган борбордун директору Анара Шакеева.

Бирок ага карабастан, атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган борбордогу муздатуу чынжыры бузулбаганы аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM