Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова: Париждеги Олимпиадага катышарымды чече элекмин

Кыска кабар , Спорт | 7 Авг 2021 | 1654 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан спорчу кыз Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышар-катышпасын чече элек. Бул тууралуу ал журналситтердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Мен (Токиого – ред.) алтын медаль алам деп баргам. Кудайдын буйругу менен экинчи орунду алдым. Күрөш бүткөндөн кийин, учуп келе жатканда да машыктыруучуларым, командабыз менен чогуу отуруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Буйруса бир жумабы, бир айбы өзүбүзгө келгенден кийин командабыз менен отуруп сүйлөшүп, жыйынтык чыккан соң чечимимди билдирем», — деди ал.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова быйыл Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышты. Лондон жана Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада ал байгелүү орундарды ала алган эмес.

Тыныбекова – Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, байге ээси. Ал – кыргызстандык балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи жана жалгыз спортчу. Кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп Азия чемпиону аталган.

Copyright © 2017 Maral FM