Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар кайтып келди (видео)

Кыска кабар , Спорт | 7 Авг 2021 | 1055 | 0

Бүгүн, 7-августта Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келди.

Аларды салтанаттуу тосуп алуу үчүн «Манас» эл аралык аэропортуна бийлик өкүлдөрү, спортчулардын туугандары, күйөрмандары, журналисттер келди.

Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында спортчулар күйөрмандары менен жолугат. Иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиадада Кыргызстан куржунуна 2 күмүш, 1 коло сала алды. Кыргызстанга күмүш байгелерди Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг), ал эми коло медалды Мээрим Жуманазарова (68 кг) алып берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM