Connect with us

Масадыков: Саясий туткундарды бошотуу керек

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 530 | 0

Учурда саясий туткунда турган адамдарды бошотуу керек. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр мамлекеттин келечеги үчүн ийри отуруп, түз кеңешип, өлкөнү азыркы кыйын кырдаалдан чыгаруу маселесин бирге чечиши керек. Болбосо мамлекет алдыга жыла албайт.

«Менин көз карашым боюнча, азыркы саясий туткунда турган адамдарды бошотуу керек. Ар бир адамда жеке таарынычы барбы же жокпу деген ойлор кетип жатат да. Мамлекет башчы кечиримдүү болушу керек деп ойлойм. Президент бүт элибизге ата, башчы катары эсептелет. Кеңири көз караш болушу зарыл. Менин жеке пикирим боюнча, саясий туткундардын баары бошотулушу керек», – деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM