Биз менен байланышыңыз

Бир күндө коронавирус 658 адамдан табылып, 8 киши каза болду

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 833 | 0

Бүгүн, 6-августка карата Кыргызстанда коронавирус 658 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 345, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 80, Ош облусунда — 18, Талас облусунда — 10, Нарын облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 59, Жалал-Абад облусунда — 74, Баткен облусунда — 49 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 532 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 8 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 3 миң 173 адам, ал эми амбулатордук түрдө 6 миң 874 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 167 миң 734 учур катталды. Анын ичинен 153 миң 934 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 380 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM