Connect with us

Темир Сариев 30-сентябрга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 5 Авг 2021 | 398 | 0

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев 30-сентябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди кечээ, 4-августта Биринчи май райондук соту чыгарды.

Тергөө иштери жүрүп жаткан маалда ал 2 ай УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Сариевдин жактоочусу Тимур Султанов райондук соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга арызданышарын билдирди.

«Бул чечим менен макул эмеспиз. Ага тагылып жаткан айып акылга сыярлык эмес. Ал эч нерсе менен бекемделген эмес жана жазык-процессуалдык кодекстин нормаларына туура келбейт. Ал эч бир кылмыш жасабагандыктан өзүн күнөөлүүмүн деп эсептебейт», — деди жактоочу.

Белгилей кетсек, Темир Сариев 3-августта 48 саатка кармалган. УКМК Сариев экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөнүн жана анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учураганын билдирген.

УКМК Темир Сариевди кармады

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM