Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова: Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат

Кыска кабар , Спорт | 4 Авг 2021 | 1363 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта күмүш байге уткан Айсулуу Тыныбекова социалдык баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Тыныбекова аны колдогон кыргызстандыктарга, ар бир күйөрманына ыраазычылык билдирген.

«Кадырлуу кыргыз элим, ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам! Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат… Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз. Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм. Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы. Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат», — деп жазган ал.

Айсулуу Тыныбекова – Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, байге ээси. Ал – кыргызстандык балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи жана жалгыз спортчу. Кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп Азия чемпиону аталган.

Copyright © 2017 Maral FM