Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Акаев «Кумтөр» боюнча кылмыштык келишимдин башында турган

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 4520 | 0

Мурдагы президент Аскар Акаев «Кумтөр» боюнча коррупциялык жана кылмыштык келишимдин башында турган. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал жазгандай, эми мурдагы президент өзүн актоо аракети менен анын баарын унуткарууда.

«Ал бардык жерде Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча баарына күнөөкөр, канадалыктар менен сүйлөшүү үчүн атайын Торонтого барган деп айтып жатат. Ага байланыштуу «Кумтөр» боюнча бир да чечим кабыл албаганымды, бир да макулдашууга кол койбогонумду расмий түрдө билдирем. «Кумтөр» маселеси боюнча жеке өзүм, кайсы бир топ, делегация же комиссиянын курамында Торонтого барган эмесмин. Акаевдин мен жөнүндө айткандары калп жана жалаа жабуу», — дейт ал.

Анын айтымында, өз убагында Акаев мамлекеттик органдардын жетекчилерин «Камеко» менен Кыргызстанга зыян алып келе турган макулдашууга кол коюуга мажбурлаган.

Ал белгилегендей, Торонтого мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев барган.

«Белгилүү болгондой азыр «Кумтөр» боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Алдыда сот турат. Ал баарын өз ордуна коет», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанга 2-августта келген. Ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берип, тергөө менен кызматташууда.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып, Москвага кеткен.

УКМК: Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM