Биз менен байланышыңыз

Өкмөт дарыгерлердин маянасын көтөрүү үчүн 1,6 млрд сом бөлдү

Кыска кабар | 3 Авг 2021 | 786 | 0

Медицина кызматкерлеринин маянасын көтөрүү үчүн өкмөт тарабынан 1 млрд 612,9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Июль айы үчүн дарыгерлердин маянасын көтөрүү үчүн 333 млн 265,2 миң сом бөлүнүп берилген.

Орточо алганда дарыгерлердин айлыгы 8,5 миң сомдон 12,8 миң сомго чейин, орто медициналык кызматкерлердики – 7,8 миңден 11,7 миң сомго, кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкердики 6,6 миңден 9,9 миң сомго чейин көтөрүлгөн.

Кыргызстанда 77 миңден ашык медицина кызматкери бар. Алардын 14 миңден ашыгы дарыгерлер, 33 миңден көбү орто медициналык персонал жана 15,5 миңдейи кенже кызматкерлер. Калганы административдик жана башка кызматкерлер болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM