Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолугуштум

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 813 | 0

Мурдагы президент Аскар Акаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров менен жолугушканын билдирди.

Маалым болгондой, алар «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кездешкен.

«Резиденцияда жолугуп, учурашып, жол ачып бергенине ыраазычылык билдирдим», — деди Акаев.

Ошол эле учурда Аскар Акаев Кыргызстанга бир жумага келгенин белгилеп өттү.

«Көп суроолор бар. Ушул жуманын ичинде иштейбиз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанга бүгүн, 2-августта келди. Ал УКМКга «Кумтөр» иши боюнча биринчи сурагына кирип чыкты.

УКМК: Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM