Биз менен байланышыңыз

Президент Акжол Махмудовду Олимпиаданын финалына чыгышы менен куттуктады

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 448 | 0

Президент Садыр Жапаров Олимпиаданын финалына чыккан балбан Акжол Махмудов менен 5-орунду ээлеген балбан кыз Айпери Медет кызын Олимпиададагы ийгиликтери менен куттуктады. Бул тууралуу ал Телеграмдагы каналына билдирүү калтырды.

Жапаров бүтүн Кыргызстан эли Олимпиаданын финалында Махмудовдун жеңишине үмүт кылып отурганын белгилеген.

«Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, «Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен» деп, жан-дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле Айпери Медет кызын да Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем! Алга, Кыргызстан!», — деп жазган ал.

Балбан Акжол Махмудов Олимпиаданын алтыны үчүн күрөшөт (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM