Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) грем-рим күрөшү боюнча мелдештин финалына чыкты.
Жарым финалда ал армениялык Карапет Чалян менен күрөшүп, аны 6:1 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, биринчи кармашында ал тунистик балбан Ламжед Маафини 11:0 эсебинде беттештин биринчи бөлүгүндө эле уткан. Андан кийин азербайжандык Рафик Хусейновду 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Финалдык беттештер эртең, 3-августта өтөт.
Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын финалына чыккан экинчи кыргызстандык спортчу болуп калды. Буга чейин 2008-жылы Канат Бегалиев Олимпиаданын финалына чыгып, күмүш байгеге ээ болгон.