Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 840 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта анын маалымат катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Ал Мирзиёев кайсы вакцинаны алганын айткан эмес.

«Мамлекет башчы жоопкерчиликтүү жаран катары эмдөөгө чоң маани берет. Ал толук вакцинациялоо курсунан өттү. Ал эмдөөдөн өтүп жатканда Өзбекстанда ZF-UZ-VAC-2001, AstraZeneca жана «Спутник V» вакциналары колдонулуп жаткан. Президент ал вакциналардын бирөөсү менен эмделди», — деди ал.

Коронавируска каршы эмделип жаткан өлкө башчылары

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM